Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылыштагы кезектеги ХVII сессиясы
2018-жылдын 20-июлу № 3
Нарын шаарынын аймагында мүлк салыгына жана айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн салыкка К-3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4 пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327-беренени аткаруу максатында, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын аймагында 2019-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин салыгынын К-3 зоналык коэффициенти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды тескөө, башкаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде ишке ашырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |