Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылыштагы кезектеги ХVII сессиясы
2018-жылдын 20-июлу № 5
Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына кошумча штаттык бирдик ачуу жөнүндө
Нарын шаардык мэриясынын кошумча 5 штаттык бирдик ачып берүү боюнча кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына иштин зарылчылыгына байланыштуу кошумча 5 штаттык бирдик ачылып берилсин.
2. Штаттык бирдиктин айлык маяналарын эсептеп, бекиттирүү Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына 2018-жылдын 1-августунан баштап, ачылган 5 штаттык бирдиктин эмгек маяналарын эсептеп, «Таза-Нарын» ишканасынын штаттык бирдигине кошуп берүү жагы тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |