Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-апрели № 1
Шадыкан айылдык Кеңешинин эл депутаттары, айыл Өкмөтүнүн 2008-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2010-жылга бюджетинин долбоорун угуп , талкуулап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл Өкмөтүнүн 2008-жылдагы бюджетинин отчету кирешелер боюнча 4840,3 миң сом жана чыгашалар боюнча 4840,3 миң сом суммасында аткарылыштары менен бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2010-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 4804,7 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
Категориалдык грант – 3063,2 миң сом,
Теңдөөчү грант - 709,7 миң сом,
Милдеттүү патенттоодон алынуучу киреше - 5,0 миң сом,
Транспорт ээлеринен алынуучу салыгы - 78,0 сиң сом,
Короо жай жер салыгы - 105,0 миң сом,
КБФ жерлердин аренда салыгы -174,0 миң сом,
Айыл чарба жер салыгы - 572,0 миң сом,
Айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгы – 3,3 миң сом,
Патенттик негизинде кирешеден алынуучу салык -40 миң сом,
Мамлекетик пошлина – 15,0 миң сом,
Айып акылар, санкцияла – 1,5 миң сом,
Жайыт жерлердин аренда акысы – 20,0 миң сом,
Кыймылсыз мүлктүөн алынуучу салык – 3,0 миң сом,
Сатуудан алынуучу салык 15,0 миң сом
Чыгашалар бөлүгү 4804,7 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бюджеттик бөлүмдөр боюнча бекитилсин.:
1. Башкаруу аппаратына -1202,8 миң сом
2, Билим берүү бөлүмүнө 3219,1 миң сом,
3. Социалдык коргоо бөлүмүнө 96,0 миң сом
4. ЖКХ бөлүмүнө 232.5 миң сом,
5. Маданият бөлүмүнө -54,3 миң сом
3. 2010 –жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы,соц фонд ж.б).
4. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
Бюджети аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга жана разделден разделге,статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансыөэкономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айылдык кеңештин токтомунун негизинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
2010-жылдын бюджетинин эсебинен бир жылга 1,5 ставка эмгек акысына кошулгандыгы белгиленсин.
5. 2011-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги акча жүгүртьүү каражатынын көлөмү 1,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Айыл өкмөмүнүн жылдык бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу,максатында жемкөрлукка жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Джеенбаевага тапшырылсын.
7.Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды ) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине катуу талап коюлсун,ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
8.2010-жылдын бюджети боюнча айыл өкмөтүндө түшүүчү жергиликтүү киреше булактарынын жетишсиздигине байланыштуу билим берүү бөлүмүнүн электро энергия жана көмүр чыгымы алуу акча каражатын Республикалык бюджеттин эсебинен жаап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен суралсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешке жана бюджеттик комитетине тапшырылсын.
Төрага | Б.Бейшекеев |