Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIV -чакырылышындагы III- сессиясы
2010-жылдын 02-августу № 1
1. Шадыкан айылдык округунун жайыт комитетинин бюджети бекитилсин жана аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Токтосуновго жөктөлсөн.
2.Ынтымак айылынын тургуну Ж.Осмонбековдун арызы канаттандырылып жашылдандыруу үчүн ижарага жер берилсин..Водокачкадагы жашап жаткан тамдын кошумча бир бөлмө бөлүнүп берилсин.
3.2010-жылдын 27-июнундагы эл депутаттарынын Шадыкан айылдык кеңешинин ХХУ-чакырылышынын 1У-сессиясындагы токтому кайрадан бекитилсин.
1. 2010-жылдын 11-апрелиндеги Шадыкан айылдык округуцнун жалпы элдик чогулушунун негизинде Шадыкан айылдык округунун башчысы Сулайманов Муктар Сооронбековичке ишеним көрсөтпөө жарыялансын жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик адмитнистрациясына сунушталсын.
2. 2010-жылдын 11-апрелдеги Шадыкан айыдлдык округунун жалпы элдик жыйындын сунушунун негизинде Капралов Каныбек Шүкүрбекович Шадыкан айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.
4.Шадыкан айылдык округунун таза суу боюнча жазалган билдирүүсү соц комитеттин кароосунда каралывп келээрки сессияда бекитилсин.
5. Өтө маанилүү болгон обьект катары белгиленип келген водокачканын тегерегиндеги салынган там жана бак-дарактар толугу менен алынып салынсын жана забордун тышынан 10-метр аралыкта алыс там салууга жана бак дарактарды тигүүгө тыюу салынсын.
6. А.Токкулиевдин эмгек маянасын эсептеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Г.Джеенбаевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шадыкан айылдыфк округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Каполовго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Бейшекеев |