Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIV -чакырылышындагы III- сессиясы
2010-жылдын 16-декабры № 1
Шадыкан айыл өкмөтүнүн Уставын жаны редакцияда бекитү жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз РАеспубликасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү менен 2008 –жылдын 29-май айындагы №99 жаңы редакциясында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө “ мыйзамынын 27,73 беренелеринин негизинде Шадыкан айылдык округтук кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талас областынын Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык округунун “Шадыкан айыл өкмөтүнүн “ Уставын жаңы редакциясында бекитилсин жана юридикалык дареги болуп Талас облусу, Бакай-Ата району, Ынтымак айылы Касымбай көчөсү ,№110 болуп аныкталсын.
2. Шадыкан айыл өкмөтү юстиция органдарынын мамлекеттик кайра каттодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык округдун башчысы Капалов Каныбек Шүкүрбековичке жүктөлсүн.
Кеңештин чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы , мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтарын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, айыл өкмөтүн мамлекеттик кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Б.Бейшекеев |