Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-декабры № 87 /14-7
Талас шаардык кенешинин айрым депутаттарынын сессияга жана туруктуу комиссиялардын отурумуна катышуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-7 пункту, ушул мыйзамдын 33-беренесинин 4-5-пункттары, Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын № 3 протоколдук чечиминин негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын Талас шаардык кенешинин айрым депутаттарынын сессияга жана туруктуу комиссиялардын отурумуна катышуусу жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Сессиянын протоколдук чечиминин негизинде, Талас шаардык кенешинин айрым депутаттарынын сессияга жана туруктуу комиссиялардын отурумуна катышуусу жөнүндө маалыматы Талас шаардык кенешинин фракцияларына талкууга жөнөтүлсүн жана жыйындын протоколдук чечимдери суралсын.
3. Сессиянын протоколдук чечиминин негизинде,Талас шаарынын депутаттары А.Сүйүнтбеков, А.Асаналиев, П.Аблабеков, Б.Бейшенов жыл ичинде сессиялардын ишине активдүү катышкандыгы жана Талас шаарынын социалдык экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымдары үчүн жыл жыйынтыгына карата сыйлоо жагы сунушталсын.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |