Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV- сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 73 /14-7
Талас шаарынын 2017- жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16.11.2017-жылдагы № 01-3/1452 сандуу катынын негизинде Талас шаарынын 2017- жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышы жөнүндө отчетун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышы жөнүндө отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |