Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV- сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 83 /14-7
Талас шаарындагы Жаштык көчөсүнүн №101 дарегиндеги жер тилкесин К-2 багытынан Ж-1 багытына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 21.11.2017-жылдагы № 01-1/1467 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын № 6 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Жаштык көчөсүнүн №101 дарегиндеги 8686 кв.м. жер тилкесин К-2 багытынан Ж-1 багытына которууга макулдук берилсин.
2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясына (биринчи вице-мэр Ч.Мураталиев) жеке менчик жер участогун зонадан зонага которуу жөнүндө тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |