Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV- сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 81 /14-7
Талас шаардык мамлекеттик архивине акча каражат бөлүү жөнүндө
Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 30.10.2017-жылдын № 01-1/1375 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын № 10 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мамлекеттик архивинин материалдык - техникалык базасын чындоо максатында орг.техника алуу үчүн 25,0 сом акча каражатын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин 2017- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасынын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |