Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV- сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 85 /14-7
Талас шардык кенешинин 20.04.2017-жылдагы №22/6-7 сандуу “Талас облустук согуштун жана эмгек ардагерлер ооруканасынын септигин жаңыртуу долбоору жөнүндө” токтомуна өзгөртүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 01.12.2017-жылдагы №01-1/1514 чыгыш сандуу катынын негизинде, карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облустук согуштун жана эмгек ардагерлер ооруканасына “Таза Bio систем” курулушунун долбоордук сметалык документтерин түзүү жагында кыйынчылыктарга байланыштуу анын ордуна ассенизатордук автоунаасын алуу боюнча жалпы суммасы 2.256.204 (эки миллион эки жүз элүү алты миң
эки жүз төрт) сомго эсептелген долбоор жактырылсын жана Талас облустук
өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына
жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын
мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык
кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |