Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV- сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 86 /14-7
Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына жетектөөчү адис-статист штаттык бирдигин ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 29.11.2017-жылдагы №01-2/1502 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 16.08.1016-жылдагы №283/36-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына Талас шаарынын аймагында айыл чарба багытындагы статистикалык маалыматтарды жыйноо жана отчеттуулугун камсыздоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жетектөөчү адис-статист 1 штаттык бирдиги ачылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Есенкулов |