Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV- сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 77 /14-7
Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун ишмердүүлүгү жана өспүрүмдөр арасындагы көйгөйлөр жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту,Талас шаардык кенешинин 2017-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун (А.Шадиев) 2016-2017-жылга карата аткарган жалпы ишмердүүлүгү “канаттандырарлык” деп табылсын жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө төмөнкү багыттардын үстүндө ишкер аракеттерди көрүү жагы белгиленсин.
Шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун (А.Шадиев) материалдык -техникалык базасын чындоо, борборду жылуулук жана таза суу менен талаптагыдай камсыз кылуу үчүн акча каражаттарды кароо боюнча тиешелүү ведомстволорго, фонддорго жана инвесторлорго кайрылуу аркылуу зарыл натыйжаларга жетишүү;
Мекеменин өрткө каршы коопсуздук боюнча зарыл эрежелерин тез арада талапка ылайык келтирүү жана кабаттарды, коридорлорду жарыктандыруу боюнча иш аракеттерди көрүү;
Талас шаардык аскер комиссариатынын алдындагы комиссиялык дарыгерлер бөлмөсүндө зарыл шарттарды түзүү;
Талас шаарынын мектептеринде атайын бекитилген медайымдардын ишин көзөмөлгө алуу, мектеп окуучуларына сергек жашоо, санитардык, гигиеналык багыттагы атайын класстык окууларды уюштуруу жана жогоруда белгиленген маселелердин үстүндө иш алып баруу жагы Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысына (А.Шадиев) милдеттендирилсин.
2. Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна материалдык колдоо көрсөтүү максатында Талас шаарынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүүдө мүмкүнчүлүккө жараша акча каражат бөлүү жөнүндө сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Күрүчбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |