Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-декабры № 80 /14-6
Талас шаардык жылуулук ишканасынын ишмердүүлүгү жана 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 6-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2017-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын № 7 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарында 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилдеринде көп кабаттуу үйлөрдүн жана мекемелердин жылуулугун үзгүлтүксүз камсыздоо, ишкананын жалпы чарбалык жана тейлөө ишин жакшыртуу максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жылуулук ишканасынын (М.К.Мамадалиев) 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын жана мекеме уюмдарды жылуулук менен камсыздоо боюнча жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын жана мекеме мындан аркы өз ишмердүүлүгүндө төмөндөгү багыттар боюнча иш алып баруусу белгиленсин.
2. Мекеменин 2017-жылга карата кредитордук карыздарын жоюуу боюнча жакшы көрсөткүчтөрүн белгилөө менен бирге 9 262,69 сом дебитордук карыздарын анын ичинде 7 634,02 сом калктын карызы жана 1 629, 22 сом бюджеттик мекеме ишканалардын карызын өндүрүү боюнча максаттуу иш аракеттерди көрүү;
3. Дебитордук карыздарды өндүрүү үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Талас шаарындагы мекеме ишканалардын жетекчилерине жылуулукка болгон карыздарын эмгек акысынан төлөтүү боюнча чараларды көрүү жана жылуулукка карыз жетекчи кызматкерлердин тизмесин массалык маалымат каражаттарына үзгүлтүксүз чагылдыруу;
4. Талас шаардык жылуулук ишканасына (М.Мамадалиев)жогоруда белгиленген маселелерди чечүү жана көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен келишимдердин негизинде тейлөө иштерин жакшыртуу жагы милдеттендирилсин.
5. Талас шаардык жылуулук ишканасынын дебитордук карыздарын азайтуу максатында Талас шаарындагы тиешелүү каттоо мекемелерине келген кардарлардан жылуулукка карызы жок деген аныктамасын талап кылуу боюнча расмий көрсөтмөлөрдү берүү жана көзөмөлдү күчөтүү жагы Талас шаардык мэриясына(А.Ж. Джузупбеков) милдеттендирилсин.
6. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |