Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясынын
2017-жылдын 1-декабры № 78 /14-7
Талас шаардык Жаны Багыт газетасынын ишмердүүлүгү жана редакцияны чарбалык эсепке өткөрүү аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2017-жылга карата иш планынын негизинде, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык Жаны Багыт газетасынын сапаттык кесипкөйлүгүн арттыруу, тиражын көбөйтүү жана чарбалык эсепке өткөрүүгө аракеттерди көрүү максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Жаны Багыт газетасынын ишмердүүлүгү жөнүндө отчеттук маалыматы эске алынсын жана газетанын (Т.Ибрагимов) мындан ары сапатын арттыруу, нускасын көбөйтүү жана келечекте чарбалык эсепке өткөрүү боюнча төмөндөгү маселелердин алкагында иш аракеттерди көрүү зарылдыгы белгиленсин:
-Редакциянын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу жана тиражын көбөйтүү үчүн гезиттин атайын эсеп (спец.счет) беренесинин көлөмүн көбөйтүү чараларын көрүү;
-Газетанын нускасын 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата 1000 (миңге) чейин жеткирүү жана кесипкөй журналисттерди жумушка тартуу;
-Каржы булагын көбөйтүү максатында жарнама, кулактандырууларды үзбөй жарыялоону практикалоо жана жогоруда белгиленген маселелердин негизинде 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Талас шаардык Жаны Багыт редакциясынын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө отчеттук маалымат берүү жагы Талас шаардык Жаны Багыт газетасынын редакторуна(Т.Ибрагимов) милдеттендирилсин.
2. 2018-жылдын жергиликтүү бюджетин кароодо Редакция кызматкерлеринин айлык
маянасын көтөрүү жагы сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен
каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу
катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына
(А.Күрүчбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |