Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясынын
2017-жылдын 1-декабры № 79 /14-7
Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2017-2018-жылдын күз - кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту, Талас шаардык кенешинин 2017-жылга карата иш планынын негизинде Талас шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын №1 Протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Керимбаев) 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы эске алынсын.
2. Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүнө (Б.Керимбаев) Талас шаарынын мектептерин жана мектепке чейинки мекемелерин алтернативдүү түрдө көмүр отуну менен жылытууга өткөрүү боюнча 2017-жылдын планында каралган негизде, Талас шаардык №8 орто мектебин өткөрүү аракеттерин күчөтүү жана Талас шаарынын №1 орто мектебинин авариялык абалдагы чатырын кыска мөөнөттө жаан чачынга чейин калыбына келтирүү аракеттерин көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Күрүчбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |