Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясынын
2017-жылдын 1-декабры № 76 /14-7
Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн жалпы ишмердүүлүгү жана инвестиция тартуу багытындагы аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту жана Талас шаардык кеңешинин 2017-жылга карата кабыл алган иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын №1 Протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Керимбаев) 2016-2017-жылга карата жалпы ишмердүүлүгү жана инвестиция тартуу багытындагы аракеттери “канаттандырарлык” деп табылсын жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө төмөнкү иштерди аткаруу боюнча аракеттерди көрүү жагы белгиленсин.
Талас шаарынын №3, №7 орто мектептеринде класстардын жетишсиздигинен балдардын үч сменде окуп жатышы окуучулардын билим сапатына терс таасирин тийгизпеш үчүн кошумча класстарды ачуу жөнүндө;
№6, №7 мектептердин ашканаларын тиешелүү стандарттык жана санитардык эпидемиялогиялык талаптык нормаларга келтирүү жана ал жерде окуучулардын өздүк гигиенасын сактоо боюнча зарыл шарттарды түзүү жөнүндө;
- Талас шаарында эн чон мектеп катары эсептелген № 5 орто мектептин короосуна ажаткана салуу иш аракеттерин тездетүү жөнүндө жана жогоруда белгиленген зарыл чечүүнү талап кылган маселелердин үстүндө иш алып баруу максатында акча каражаттарды кароо боюнча Талас район-шаардык билим берүү бөлүмү (Б.Керимбаев) тарабынан тиешелүү ведомстволорго, фонддорго, Талас шаардык аткаруу бийлигине расмий сунушталсын жана инвестиция тартуу боюнча долбоорлорду даярдоо аракеттерин көрүү жагы милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Күрүчбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |