Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясынын
2017-жылдын 1-декабры № 75 /14-7
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айына карата аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айынын аткарылышын карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айынын аткарылышына атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 79 497,5 мин сом суммасында анын ичинде мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 66 216,5 мин сом көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 64 949,0 мин сом суммасында бекитилсин.
2. алас шаарынын мамлекеттик салык кызматына (Чынкожоев А.Т.) 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше булагын аткарууну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |