Редакцияот 08.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылыштагы кезектеги XV сессиясынын 

2017-жылдын 8-декабры № 90/15-7

 Талас шаарынын жаны конуштарына аба чубалгыларын жана трансформаторлорду орнотуу долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 07.12.2017-жылдагы №01-3/1537 чыгыш сандуу катынын негизинде, шаардын жаны конуштарында жашаган калкты социалдык жактан камсыздоо жана суроо талаптарын канааттандыруу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын жаны конуштарына аба чубалгыларын жана трансформаторлорду орнотуу боюнча жалпы 10 000000 (он миллион ) сомго эсептелген долбоорду Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.

 

Төрага

И.Ырсалиев