Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XV сессиясынын
2017-жылдын 8-декабры № 89/15-7
Талас шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 29.11.2017-жылдагы №01-3/1504 сандуу катынын негизинде, шаардын авто жана жөө жүргүнчүлөрүнүн жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында Талас шаарынын негизги көчөлөрүнө видео байкоо системасын орнотуу үчүн жалпы суммасы 10 000000 (он миллион) сомго эсептелген долбоорду Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын негизги көчөлөрүнө видео байкоо системасын орнотуу үчүн жалпы суммасы 10 000000 (он миллион) сомго эсептелген “Коопсуз шаар” долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына
жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын
мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык
кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | И.Ырсалиев |