Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясынын
2017-жылдын 21-сентябры № 94 /16-7
“Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 21.12.2017-жылдагы №01-3/1600 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 19.12.2017-жылдагы № 71/16-7 сандуу “Жерге укукту берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын жаны курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын төрагасына (Д.С.Курманалиев) комиссия курамына кирген жетекчилер жума сайын өткөрүлүүчү отурумдардын ишин үзгүлтүккө учуратпай жеке өзү катышуусун көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |