Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 93 /16-7
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндө белгиленген план тапшырманы өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктчасы, Талас шаардык кенешинин 20.04.2017-жылдагы №30/6-7 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 22.12.2017-жылдагы №01-3/1616 чыгыш сандуу катын карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга карата киреше бөлүгүндө белгиленген киреше салыгы 40305,0 сом жана сатуудан алынуучу салыгы 18 200,0 сомго каралган план тапшырма өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Талас шаарынын мамлекеттик салык кызматына (Маткеев.А.) 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толук кандуу аткарууну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |