Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2017-жылдын 28-декабры № 38
Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2018-жылга сунуш кылынган бюджеттин долбоору боюнча айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Л.Жунусованын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2018-жылга киреше бөлүгү: 3792,1 миң сом теңдөөчү грант, 1187,0 миң сом жергиликтүү бюджет, 1217,0 миң сом атайын каражатын кошкондо, 5009,1 миң сомго чыгаша бөлүгү бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын негизинде айыл аймактын айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2018-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1% өлчөмүндө 50,0 миң сомго бекитилсин.
3. Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсүнө карата сессияларга маалымат берүү жагы ФЭБнүн башчысы Л.Жунусовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссия тапшырылсын. бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |