Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 19-марты № 44
Айыл өкмөтүндө ветеринариялык иштердин жүрүшүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүндө ветеринариялык иштеринин жүрүшүнүн жыйынтыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн ветеринар адиси Т.Табылдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн ветеринар адиси Т.Табылдиевдин 2017-жылда жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Малдардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү, лабораториялык анализдерин алып текшерүү, вакцинациялык иштерин жүргүзүү жагы ветеринар адиси Т.Табылдиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга милдетендирилсин.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |