Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 19-марты № 46
К.Суеркулованын менчигиндеги мончонун профилин өзгөртүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын тургуну К.Суеркулованын менчигиндеги мончонун профилин турак жай кылып өзгөртүп берүү жөнүндө жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагында жайгашкан К.Суеркулованын менчигиндеги мончонун профили турак жай болуп өзгөртүлсүн.
2. Тиешелүү документтерин мыйзамдаштырып берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга милдетендирилсин.
4.Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |