Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 24-апреля № 50
Жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн айыл чарба боюнча башкы адиси С.Шабдановдун жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагында жазгы талаа жумуштарына карата жүргүзгөн иштеринин кемчиликтерин эске алуу менен канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кетирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү менен биргеликте мындан ары уюштуруучулук менен аракет кылып, өз учурунда иштерин толук аткаруу жагы айыл чарба боюнча башкы адиси С.Шабдановко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |