Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели № 51
Жайыт комитетинин 2017-жылга аткарылган иштери жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2017-жылга аткарылган иштери жөнүндө Жайыт комитетинин төрагасы Акылбек уулу Айбектин маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2017-жылда аткарылган иштери кемчиликтерин эске алуу менен канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кетирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү менен биргеликтемындан ары уюштуруучулук менен аракет кылып иш алып баруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Акылбек уулу Айбекке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |