Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 24-апрели № 53
Мыйзамсыз короолоп алган жерлерди тактоо жана ижара төлөмүн бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айылдык Кеңештин депутаты Осмоналиев Кеңешбектин мыйзамсыз короолоп алган жерлерди тактоо жана ошол жерлер үчүн ижара төлөмүнүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын жарандар тарабынан өзүм билемдик менен мыйзамсыз тозуп алган жерлеринин аянттары такталып мыйзамдаштырылсын.
2. Мыйзамсыз тозуп алган жерлер мыйзамдаштырылып ар бир сотых үчүн 10 (он) сомдон ижара акысы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |