Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 24-апрели № 54
Жазгы талаачылык жумуштары, малды жайлолорго көчүрүү жана бада акысын бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын 2018-жылдын 29-мартындагы Элдик жыйындын чогулушунун №3,№4 токтомдорун негиз кылып Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагындагы малды жайлолорго айдап кетүү убактысы 2018-жылдын 10-майынан кечиктирилбесин.
2. 2018-жылдын 10-майынан кийин эгинге түшкөн малдардын ээлери:
1 баш кой үчүн – 50 сом
1 баш уй, жылкы мал үчүн – 250 сом айып пул төлөнсүн, ушул эле мал кайрадан экинчи жолу дагы эгинге түшсө ар бир баш үчүн 1000 сомдон айып пул өндүрүлүп алынсын
3. 2018-жылга малдын бада акысы:
1 баш кой үчүн 1 айга - 50 сом
1 баш уй, жылкы мал үчүн 1 айга – 250 сом болуп бекитилсин
үлүш жерлерди айдоо акысы 1 га жер үчүн 1000 сом жана 30 литр күйүүчү май болуп бекитилсин.
тосмолордун ичиндеги жерди айдоо акысы 1 сотыхы -15 сомдон болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |