Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 11-июну № 59
«Кыргыз Почтасы» МИнын Токтогул райондук бөлүмүнө келишимдин негизинде почта байланыш бөлүмү пайланып жүргөн кеңсени ижарага өткөрүп берүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл айыл аймагынын өкмөтүнүн имаратында жайгашкан Кыргыз Почтасы МИнын Токтогул райондук бөлүмүнүн айылдык почта байланыш бөлүмүнө ижара акысы төлөнүшү жөнүндө Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн имаратында жайгашкан айылдык почта байланыш бөлүмү пайдаланып жүргөн кеңсени «Кыргыз Почтасы» МИнын Токтогул райондук бөлүмүнө ижарага келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, «Кыргыз Почтасы» МИнын Токтогул райондук бөлүмү менен келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |