Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 13-июлу № 63
Айыл аймакта көчөлөрдү ачуу, арыктарды чабуу, каналдарды оңдоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагында көчөлөрдү ачуу, арыктарды чабуу, каналдарды оңдоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн айыл башчысы С.Тыналиевдин маалыматтын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагында көчөлөрдү ачуу, арыктарды чабуу каналдарды ремонттон өткөрүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери, айылдык тазалыктын сакталышынын 2018-жылдын алты айындагы жүргүзгөн иштери кемчиликтерди эске алуу менен канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |