Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 13-июлу № 66
ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1466,4 га жер аянтына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3 беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-апрель 2006-жылдагы №261 токтомунун жана ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына берилген №5149 АП лицензиянын негизинде Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1466,4 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштери мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жагы Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |