Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 13-июлу № 67
Айыл аймакта казылып алынып жаткан кум, шагыл корлоруна салык чектөө жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын «Кум-Дөбө», «Таш-Кыя» участкаларындагы казылып алынып жаткан кум, шагыл корлорунан пайдалануучулар үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча киреше табуу максатында салык чектеп берүү жөнүндө айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын «Кум-Дөбө», «Таш-Кыя» участкаларындагы казылып алынып жаткан кум, шагыл корлорунан пайдалануучулар үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча киреше катары
-20 тонналык жүк көтөрүүчү автоуналадын ар бир жүктөмү үчүн баасы
500 (беш жүз) сом,
-10 тонналык жүк көтүрүүчү автоуналардын ар бир жүктөмү үчүн баасы
300 (үч жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жана ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |