Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 13-июлу № 69
Айыл өкмөтүнүн эсебинде турган атайын техниканын эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИСтин «Мал чарбачылыгын колдоо» долбоору аркылуу алынып Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүлүп берилген чөп киптегич атайын техника айыл аймакта аткарган жумуштары үчүн бир чен баа коюу жөнүндө Жайыт комитетинин төрагасы Акылбек уулу Айбектин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АРИСтин «Мал чарбачылыгын колдоо» долбоору аркылуу алынып Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүлүп берилген чөп киптегич атайын техника айыл аймакта аткарган иштери үчүн эмгек акысы ар бир кипт үчүн 15 (он беш) сом болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Акылбек уулу Айбекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |