Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги IX-сессиясы
2018-жылдын 24-апрели № 9
Кум-Шагал аралашмасын алып иштетүү жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт дарясынын №12 дамбанын сол жагындагы айыл чарбасына жараксыз жер аянтынан кум-шагал аралашмасын алып иштетүү боюнча ,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт дарясынын №12 дамбанын сол жагындагы айыл чарбасына жараксыз 5,0 га жер аянтынан кум-шагал аралашмасын алып иштетүү үчүн айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүлүп ар бир гектарына 7000 (жети миң) сомдон ижара акы төлөнсүн.
2. Токтомду көзөмөлдөө Сузак айыл өкмөтүнө жана айылдык кенештин бюджет комитетине милдендирилсин.
Төрага | Хакимов Ж. |