БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXII сессиясы
2016-жылдын 24-сентябры № 6
“Жеңиш ФАПтын кайрылуусу жөнүндө”
Жеңиш айылындагы ФАПтын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеңиш ФАПтын мед.айымы Бабатаева Чолпондун кайрылуусу эске алынсын.
2. Жеңиш ФАПтын полун ремонттоо боюнча кайрылуунун сметасында көрсөтүлгөн 16620(он алты миң алты жүз жыйырма) сом акча каражатын бюджет комиссиясынын отурумунда карап мыйзам чегинде чечип берүү жагы Э.Маматаевке жана О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |