Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII–чакырылышынын IХ-сессиясы
2018-жылдын 20-июлу № 3
«Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүгүнө Ажаткана куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө»
Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүгүнө Ажаткана куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүгүнө Ажаткана куруу үчүн Шүдүгүр-Ата участкасындагы айыл чарба багытына жараксыз жерден ылайыктуу жер тилкеси берисин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Т.Табериковага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |