Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 7
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Чойбековага Тинатин Жумабековнага Ак-Суу айылынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө»
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Чойбековага Тинатин Жумабековнага Ак-Суу айылынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Чойбековага Тинатин Жумабековнага Ак-Суу айылынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Т.Табериковага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |