Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июлу №1
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылындагы 2 көчөгө Сейталиев Азалинин жана Сейталиев Иманбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылынын тургуну Сейталиев Расулбектин айыл тургуну атасы маркум Сейталиев Азалинин жана улуу агасы маркум Сейталиев Иманбектин ысымын бош турган көчөлөргө ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXIX –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сейталиев Расулбектин кайрылуусу эске алынсын.
2. Ууру-Жар айылындагы М. Мамажановтун үйү менен О. Шакулиевтин үйүнөн баштап кирпич завод тарапка караган көчөгө маркум Сейталиев Азалинин ысымы ыйгарылысын. Ал эми Ташбаказар көчөсүнө маркум Сейталиев Иманбектин ысымы ыйгарылсын.
3. Көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү жобого ылайык, аталган көчөлөргө ат коюу боюнча баардык Юридикалык иш кагаздары толукталып бүткөндөн кийин. Ууру-Жар айылындагы 2 көчөгө А.Сейталиевтин жана И.Сейталиевтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Бүргөндү айылдык кеңешинин чечимин бекитип берүү жагы Ноокен райондук кеңешинен суралсын.
4. Аталган көчөлөргө ат коюу иштери аяктагандан кийин үйлөргө катар номер куйдуруп номердин тактайчаларын илдирүү ички долдорду оңдоп түзөөгө көмөк көрсөтүү жагы Сейталиевтердин үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Асанбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |