Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын XXIX –сессиясы
2016-жылдын 16-июлу №3
“Бүргөндү айыл аймагынын Маданият үйүнө Социалисттик эмгектин Баатыры СССРдин Жогорку Советинин депутаты Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 3 жолку депутаты Каипов Осконбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты А. Расуловтун Маданият үйүнө маркум Каипов Оскинбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү ооз эки кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын XXIX –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. А. Расуловтун Бүргөндү айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын XXIX –сессиясындагы депутаттарга ооз эки кайрылгын кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Каипов Осконбайдын Бүргөндү калхозу жана эли үчүн жасаган бир топ эмгектерин эске алуу менен Бүргөндү айыл аймагындагы Маданият үйүнө Социалисттик эмгектин Баатыры СССРдин Жогорку Советинин депутаты Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 3 жолку депутаты Каипов Осконбайдын ысымы ыйгарылсын.
3. Маданият үйүн жаңы аталышка ылайыктап жасалгалоого жана Маданият үйүн оңдоп түзөөгө жакындан көмөк көрсөтүү жана демөөрчүлүк кылуу жагы Осконбаевтердин үй-бүлөөсүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Асанбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |