Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын XXIX –сессиясы
2016-жылдын 13-августу №1
“Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №2197 Кызыл-Кыя, №2198 Бүргөндү, №2199 Жаңы-Арык, №2200 Жеңиш, №2201 Ношкен жана №2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия курамын бекитүү жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф. Джумабекованын участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXX –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн 2016-жылдын 04-июлундагы №14 сандуу каты эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы №2197 Кызыл-Кыя, №2198 Бүргөндү, №2199 Жаңы-Арык, №2200 Жеңиш, №2201 Ношкен жана №2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.6 барактан турган тиркеме тиркелет.
3. Тиркемедеги комиссия курамын мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан суралсын.
4. Участкалык шайлоо комиссияларынын тизмесин бекитүүдө керектүү иш кагаздарын даярдап, толуктап аймактык шайлоо комиссиясына алып барып тапшыруу жагы жооптуу катчы Ф.Джумабековага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Асанбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |