Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын XXIX –сессиясы
2016-жылдын 13-августу №2
“Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Ношкен айылындагы №20 Матмуса атындагы орто мектептин жылытуу системасын оңдоо үчүн жана башталгыч мектебинин ажатканасын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып керүү жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Ношкен айылындагы №20 Матмуса орто мектебинин директору А№Толубаевтин кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXX –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. № 20 Матмуса атындагы орто мектептин директору А. Толубаевтин кайрылуулары эске алынсын.
2. № 20 Матмуса атындагы орто мектептин жылытуу системасын оңдоого
3. 25960(жыйырма беш миң тогуз жүз алтымыш) сом жана башталгыч мектептин ажатканасын жаңылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70500(жетимиш миң беш жүз)сом жалпысынан 96460(токсон алты миң төрт жүз алтымыш) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетен бөлүнүп берилсин.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин..
Төрага | К. Осконбаев |