Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын XXIX –сессиясы
2016-жылдын 13-августу №3
“№19 А. Казаков орто мектебинин чатырын алмаштыруу тууралуу жазган кайрылуусу жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №19 А. Казаков атындагы орто мектебинин 2 тарых жана 1 орус тил кааналарынын чатырын алмаштыруу жөнүндө жазган мектеп директору М.Хожиматованын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын XXX –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. № 19-А.Казаков орто мектебинин директору М. Хожиматованын 2016-жылдын 18-июлундагы №01-50 сандуу каты жана айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовдун маалыматы эске алынсын.
2. №19-А.Казаков орто мектебинин чатырын алмаштырууга суралган 35(отуз беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен төлөп берилсин.
3. Жогорудагы төлөнүп берилүүчү акча каражатын бир беренеден, экинчи беренеге которуу жагы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |