Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын XXX –сессиясы
2016-жылдын 13-августу №4
“Кокондук айылындагы №30- Бөбөк балдар бакчасына кошумча бөлмө куруу жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кокондук айылындагы №30- Бөбөк балдар бакчасына кошумча бөлмө куруу жөнүндөгү айылдык кеңештин депутаты Г. Мамадиевтин жана айыл тургундарынын жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын XXX –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Г. Мамадиевтин кайрылуусу эске алынсын.№30 – Бөбөк балдар бакчасына кошумча бөлмө куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 90 000 (токсон миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |