Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын XXX –сессиясы
2016-жылдын 13-августу №5
“Жеңиш айылындагы “№32-Таң Нуру” балдар бакчасына кошумча дагы бир тайпа ачуу жана тамак- аш маселесин чечип берүү жөнүндө”
№32-Таң Нуру балдар бакчасынын жетекчиси Махабат Сейталиеванын 2016-жылдын август айында 30 орундуу балдар бакчасына кошумча дагы бир тайпа, башкача айтканда 30 орун кошуп кеңейтүү тууралуу жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Сейталиеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. №32-Таң Нуру балдар бакчасына кошумча 30 орунду кошуу жөнүндөгү сметасы 170400(Бир жүз жетимиш миң төрт жүз) сомду түзгөн болсо 138000 (Бир жүз отуз сегиз миң) сом ата-энелердин демөөрчүлүгү менен болоорун эске алуу менен калган 32400 (отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдардын 3айлык тамак-ашы үчүн төлөнүп берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы бюджет комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко жана А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |