Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын XXXI –сессиясы
2016-жылдын 22-августу №1
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо департаментинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Жарандык абалдын актыларын каттоонун жаңы тартиби боюнча түзүлгөн келишимин бекитүү жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф.Джумабекованын Жарандык абалдын актыларын каттоонун жаңы тартиби тууралуу берген маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXI –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ф.Джумабекованын Жарандык абалдын актыларын каттоо тартибине өзгөрүү киргендиги тууралуу берген маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын, Кыргыз Республикасынын
3. Үй-бүлөө кодексине өзгөрүү киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо Департаментинин Жарандык абалдын актыларын каттоонун жаңы тартиби жөнүндөгү келишими бекитилсин.
4. Айыл өкмөттүн аймагында жогоруда бекитилген келишимдин негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Ф. Джумабековага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Асанбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |