Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын XXXII –сессиясы
2016-жылдын 24-сентябры №2
“Намаздык-Ата жайыт бирикмесине 1 айлык мөөнөткө кайтарымдуу түрдө (карызга) 55 000(Элүү беш миң) сом акча каражатын жаыратып берүү жөнүндө”
“Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин төрагасы М.Джолдошовтун 1 айлык мөөнөткө кайтарымдуу түрдө (карыз) акча каражатын сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Джолдошовтун кайрылуусу эске алынсын.
2. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесине 2016-жылдын 25-октябрына чейин 1 айлык мөөнөт менен 55 000(элүү беш миң) сом акча каражаты кайтарымдуу түрдө (карызга) жергиликтүү бюджеттен берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл Өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Кайтарымдуу түрдө (карызга) алынган 55000 (элүү беш миң) сом акча каражатын белгиленген мөөнөткө кечиктирилгис кылып кайтаруу жагы “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин төрагасы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
5. Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн каражатты белгиленген мөөнөттө кайтарып алып, жергиликтүү бюджеттке төктүрүп каражаттын ордун толуктоо жагы айыл Өкмөт башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |