Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXII сессиясы
2016-жылдын 24-сентябры № 7
“№20 Матмуса атындагы орто мектептин кайрылуусу жөнүндө”
Ношкен айылындагы №20 Матмуса атындагы орто мектептин директору А. Толубаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Толубаевтин кайрылуусу эске алынсын.
2. №20 Матмуса атындагы орто мектептин котельныйын талапка ылайык ремонттоо чатырын алмаштыруу жана көмүр кананын арткы дубалын оңдоо максатында жергиликтүү бюджеттен суралган 12480(он эки миң төрт жүз сексен) сом акча каражатын бюджет комиссиясынын отурумунда карап мыйзам чегинде чечип берүү жагы Э.Маматаевке жана О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |