Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXII сессиясы
2016-жылдын 24-сентябры № 9
“Жаштык айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXII –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаштык айылынын айыл башчысы К.Озбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Жаштык айылында И.Намазбековко логистикалык борбор куруу үчүн берилген жен аянтынын жанынан 3га жер аянты ат майдан куруу үчүн Жаштык айылынын тургундарына ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда аталган жер аянтынын тийиштүү иш кагаздарын толугу менен бүткөрүп берүү жагы Б. Кубатовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |