Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 3
“№47 А.Ташиев орто мектебинин директору М.Молдокеримованын жана айыл тургундарынын кайрылуусу жөнүндө”
№47 А.Ташиев орто мектебинин директору М.Молдокеримованын жана айыл тургундарынын мектептин курулуш иштерин толугу менен бүткөрүүгө 10000 (он миң) сом акча каражатын сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №47 А.Ташиев орто мектебинин директору М.Молдокеримованын жана айыл тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Мектептин курулуш иштерин толугу менен бүткөрүүгө сураган 10000 (он миң) сом акча каражаты, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, бюджеттин шартына жараша жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |