Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 4
“№19 А.Казаков орто мектебинин директору М.Хаджимурзаеванын кайрылуусу жөнүндө”
№19 А.Казаков орто мектебинин директору М.Хаджимурзаеванын мектептин жылытуу системасына матор жана насос алуу үчүн 15000 (он беш миң) сом акча каражатын сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №19 А.Казаков орто мектебинин директору М.Хаджимурзаеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. Мектептин жылытуу системасына матор жана насос алуу үчүн сураган 15000 (он беш миң) сом акча каражаты, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, бюджеттин шартына жараша жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |